18 жаштан жогорку кыргызстандыктардын 91 пайызы биометрикалык маалыматын тапшырды

18 жаштан жогорку кыргызстандыктардын 91 пайызы биометрикалык маалыматын тапшырды. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, калкты каттоо борборунун көчмө түйүндөрү аркылуу 2,5 миң жаранга кызмат көрсөтүлдү.

 

Кыргызстандыктар биометрикалык маалыматын калкты тейлөө борборлорунда жана паспортизация бөлүмдөрүндө тапшыра алат.

 

Эске салсак, көчмө түйүндөр 3-марттан тарта жергиликтүү кеңештерин шайлоо жана референдум алдында жарандардын биометрикалык маалыматын чогултту.