Жалпы республикалык тестирлөөгө 41 миң 727 бүтүрүүчү катталды

Жалпы республикалык тестирлөөгө 41 миң 727 бүтүрүүчү катталды. Бул тууралуу novosti.kgге Билим берүүдө баалоо жана окутуу усулдары борборунун адиси Чынар Батракеева билдирди.

 

Анын айтымында, бул былтыркыга салыштырмалуу, 500 адамга көбүрөөк.

 

Бүтүрүүчүлөрдүн так саны 20-жана 23-июнда өтө турган кошумча каттоодон кийин белгилүү болот. Эске салсак, тестирлөөнүн өзү өлкөнүн 180 тест борборунда 21-майдан 25-майга чейин өтөт.