Мектеп бүтүрүүчүлөрү аттестаттарын июндун ортосунда алып калат

Мектеп бүтүрүүчүлөрү аттестаттарын июндун ортосунда алып калат. Бул тууралуу Novosti.kgге Билим берүү министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Андан белгилешкендей, ар бир мектеп бүтүрүүчүлөрдүн тизмесин түзүшү керек, анын алкагында аттестаттар кезек менен чакыртылып бирден тапшырылат. Кошумчаласам, быйыл мектепти 58 миң 730 окуучу аяктап жатат.