Жалпы республикалык тестирлөөгө 48 миңдей бүтүрүүчү катталды

Жалпы республикалык тестирлөөгө 48 миңдей бүтүрүүчү катталды. Бул тууралуу 24 агенттигине Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти. Андан такташкандай, бул соңку жыйынтык эмес.

 

Тестирлөөгө бир күн калганда кошумча каттоо жүргүзүлөт. Эске салсак, өлкөдө жалпы республикалык тесирлөө 17-майдан 24-майга чейин өтөт.