Ысык-Көлдүн эс алуу аймагын туристтик сезонго карата даярдоо тапшырмасы берилди

Ысык-Көлдүн эс алуу аймагын туристтик сезонго карата даярдоо тапшырмасы берилди.

 

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аймак жетекчиси Уланбек Далиевдин тапшырмасы менен туристтердин коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.

 

Ар бир пляжда куткаруучулардын нөөмөтү уюштурулушу керек. Андан тышкары, сууга түшүү аймагы менен суу транспорт каражаттарынын иштеген аймагы бөлүнүшү керек. Катер, скутер жана башка ушул сыяктуу каражаттарды иштетүүгө 18 жаштан жогорку жарандарга гана уруксат берилет.