Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу үчүн колдонмолор www.testing.kg сайтында бар

Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу үчүн колдонмолор www.testing.kg сайтында бар. Бул тууралуу кененирээк Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет.

 

тестинг.кж сайтында акысыз онлайн сынак тесттер бар. Ошолорду өтсө дагы мүмкүнчүлүктөрү кеңейет деп айтсам болот. Ютуб канал, инстаграм баракчабыз бар. Ошол жерден дагы маалыматтарды алып турса болот. Ютуб каналда жүздөн ашуун видео сабактар жүктөлгөн, ошол видео сабактар аркылуу дагы тестке даярдануу мүмкүн

 

Эске салсак, Жалпы республикалык тестирлөө 23-майдан 28-майга чейин өтөт. Учурда ага каттоо жүрүүдө.