Бишкектин мектептери окуучуларды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу ордо калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди. Анын айтымында, 250 объект капиталдык оңдоп-тузөөдөн өттү – чатыр, терезелер, сан.тармактар инженердик тармактар жаңыртылып, жаңы эмерек сатылып алынды.
Учурда эмдөөдөн өткөн мугалимдердин пайызын чыгаруу иштери жүрүп жатат.
Андан окуу жылынын форматы жана балдардын, мугалимдердин ден-соолугунун коопсуздугу көз каранды.