Билим берүү министрлиги телесабактарды тартуусун улантат

Билим берүү министрлиги телесабактарды тартуусун улантат. Ведомство жетекчисинин орун басары Надира Жусупбекова билдиргендей, иштер жайында мугалимдерди жана методисттерди тартуу менен жүргүзүлөт.

 

Жусупбекова белгилегендей, окуучуларды онлайн форматка туруктуу түрдө өткөрүү пландалбайт. Бирок министрлик буга даяр болушу керек. Анын үстүнө, телесабактар кошумча окуу ресурсу боло алат.