Жалпы республикалык тестирлөөнү эң мыкты тапшыргандар “Алтын сертификаттарга” ээ болушту

Жалпы республикалык тестирлөөнү эң мыкты тапшыргандар “Алтын сертификаттарга” ээ болушту.

 

Салтанаттуу тапшыруу аземи Ала-Арча мамлекеттик резденциясында өтүп, абитуриенттер күбөлүктөрдү президент Садыр Жапаровдун колунан алышты.

 

Быйыл ЖРТдан эң жогорку баллдарды 57 окуучу топтой алды. алардын басымдуусу Бишкекке туура келет – 35 бүтүрүүчү, экинчи орунда 7 окуучусу менен Ош облусу турат, үчүнчүдө – Ысык-Көл облусу, бул аймактан 5 бүтүрүүчү жогорку баллдарга ээ болду.