Ташкенттен Бишккекке аба каттамдардын саны эки эсе көбөйтүлдү. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма-сөз кызматынан билдиришти. Ушул айдан тарта Ташкент – Бишкек – Ташкент багыты боюнча кошумча рейстер кое берилди.
Каттам жумасына 4 жолу – дүйшөмбү, шаршемби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат.
Ал эми буга чейин Өзбекстан ордо калаасынан Бишкекке учуулар аптасына 2 ирет ишке ашчу.