Бишкектин айрым аймактарында бүгүн электр энергиясы өчүрүлөт.
“Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Москва, Раззаков, Логвиненко, Исанов, Рыскулов, Ибраимов, Ахунбаев, Осмонкул, Лермонтов көчөлөрүндө, Мурас-Ордо, Көлмө, Алтын-Казык, Көк-Жар конуштарында жок болот.
Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.