Жалпы республикалык тестирлөө учурунда эреже бузган абитуриенттер эскертүүсүз четтетилет

Жалпы республикалык тестирлөө учурунда эреже бузган абитуриенттер эскертүүсүз четтетилет. Бул тууралуу кененирээк  Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет.

 

“Эң негизгиси абитуриенттер эрежелерди так сакташы керек. Мисалы, эгер абитуриент тест учурунда телефон, наушник, камера, кандайдыр бир жазуу шаймандарын ала кирсе, анда ал эскертүүсүз тесттен чыгарылат. Шпаргалка пайдаланса, бирөө менен алмашканы аракет кылса, сүрөткө тартса дагы бул эреже колдонулат.”

 

Эске салсак, жалпы республикалык тестирлөө өлкө аймагында 17-майдан  24-майга чейин өтөт.