Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга Россияга барбай турууну сунуштады. Ведомство “Крокус Сити” борборундагы куралдуу кол салуудан кийинки антитеррордук иш-чараларга байланыштуу зарыл иши болбогон кыргызстандыктарды аталган өлкөгө барбай турууга чакырат.
Бул тууралуу министрликтин Консулдук департаментинин башчысы Бакыт Кадыров “Азаттыкка” билдирди.
Ал белгилегендей, Россия чек арадан кирип-чыккан жарандарды текшерүүнү күчөттү. Эске салсак, 22-мартта “Крокус Сити” борборуна куралчан 4 адам кирип барып, көрүүчүлөргө ок чыгарган. Учурга карата каза тапкандардын саны 137ге жетти. Ал эми жабыркагандар 200гө чукул.