Энерго объектилерди кийинки күзгү-кышкы сезонго даярдоо Талас облусунда башталды

Энерго объектилерди кийинки күзгү-кышкы сезонго даярдоо Талас облусунда башталды. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, аймакта трансформаторлор жана электр өткөрүү линиялары жаңыртылат.

 

Андан тышкары, айрым мамыларды алмаштырып, 3 кошумча подстанция куруу пландалууда. Бул иштер авариялык өчүрүүлөрдү алдын алып, электр энергиясын берүүнүн сапатын жакшыртат.