Токиодогу Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларга акчалай сыйлык тапшырылды.
«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы салтанатта күмүш медалдардын ээси
Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланып,
10 миллион сомдон алышты. Ал эми Мээрим Жуманазаровага III даражадагы «Манас» ордени тагылып,
7 миллион сом берилди. Үч олимпиадачыга тең президенттин атынан Toyota RAF 4
унаасы белекке берилди. Белгилеп кетсек, акчалай сыйлык Олимпиадага катышкан
башка спортчуларга жана алардын машыктыруучуларына, дарыгерлерине дагы тапшырылды.