Футбол дүйнөсүндө таң калтырган трансферлер уладууда. Криштиану Роналду “Манчестер Юнайтед” клубуна өттү. Англиялык клуб өзүнүн сайтында аны “үйгө кош келдиң” деп тосуп алды.
Форвард аталган командада 2003-2009-жылдары ойногон. Буга чейин Роналду “Ювентустан” кетүү чечимин жарыялаган. Бул клубга ал мадриддик “Реалдан” келген. Ага чейин Лионель Месси “Барселонадан” ПСЖга өтсө, ПСЖнын форварды Мбаппе “Реал Мадридге” өтүү ниетинде.