Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында мэрликке талапкерлерди аймактык шайлоо комиссиялары каттоого алды.
Боршайкомдун маалыматында, документтер мыйзамга ылайык текшерилип, “Түндүк” системасында каттоого алынды.
Эске салсак, 3 шаарда мэрлерди шайлоо 26-августта өтөт. Аймактык шайлоо комиссияларына добуш берүүнү бардык санитардык талаптарды сактоо менен өткөрүүгө тапшырма берилди.