Жапаров: жыл аягына чейин Баткендеги 150 үйдүн курулушу аяктайт

Жыл аягына чейин Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган Баткен облусундагы 150 үйдүн курулушу аяктайт.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы үйлөрдүн курулушуна бюджеттен жалпысынан 1 миллиард сом бөлүнгөн.

Сентябрдагы куралдуу кагылыштан Баткендеги айылдарда 700гө чукул үй-жай талкаланып, анын жарымынан көбү жараксыз абалда калган.