Кыргызстанда чочко тумоосунун 34 учуру катталды

Ушул жылдын октябрь айынан бери Кыргызстанда чочко тумоосу менен ооруган 34 учур катталды.

Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, октябрь айынан баштап ушул убакка чейин көзөмөл стационарларына медициналык жардам сурап кайрылган бейтаптардан сасык тумоого 764 үлгү текшерилген, анын ичинен 27,2%ынан (34) чочко тумоосу, ал эми 44,8%ынан (56) В гриппи аныкталган.

Мурда «чочко тумоосу» деп аталган А тумоосу (H1N1) чочко тумоосунун бир нече вирусунун биринен келип чыккан чочколордун курч респиратордук жугуштуу оорусу.

Эреже катары, анын клиникалык симптомдору сезондук сасык тумоого окшош, бирок катталган клиникалык көрүнүшү ар түрдүү — симптомсуз инфекциядан катуу пневмонияга чейин.

Адамдарда А тумоосунун (H1N1) инфекциясынын типтүү клиникалык көрүнүшү сезондук гриппке жана жогорку дем алуу жолдорунун башка курч инфекцияларына окшош болгондуктан, көпчүлүк учурлар тумоонун сезондук байкоосунда кокустан аныкталат.

Вирус адамдан адамга абадагы тамчылар аркылуу жугат.