Кыргызстанда өзүм билемдик менен курулган 80ге жакын объект бар

Кыргызстанда өзүм билемдик менен курулган 78 объект бар.

Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан коррупцияга каршы координациялык кеңешменин жыйынында Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы Мирлан Майтпасов билдирди.

Ал тактагандай, 78 курулуштун 36сы Бишкекте, 24ү Ош шаарында, 15и Жалал-Абад облусунда, үчөө Чүй облусунда жайгашкан.

Белгиленгендей, курулуштардын негизги бөлүгү көп кабаттуу турак үйлөр.