Кыргызстан бир катар азык-түлүктү экспорттоого тыюу салууну жыл аягына чейин узартат

Кыргызстан бир катар азык-түлүктү экспорттоого тыюу салууну жыл аягына чейин узартат.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдиргендей, учурда өлкөдөн жумуртка, жүгөрү, кумшекер жана май сыяктуу азыктарды сыртка алып чыгууга тыюу салынган.

Эске салсак, буга чейин Министрлер кабинети жогорудагы азыктарды 2022-жылдын августуна чейин экспорттоого чектөө киргизген.