Кыргызстандыктарды чет өлкөгө жумушка орноштурууну убадалап
алдаган компания лицензиясынан ажыратылды. Бул тууралуу
Миграция кызматынын маалымат-консультациялык борборунун
жетектөөчү адиси Эсенбек Эргешов билдирди. Анда «Арай Глобал» ишканасы Польша,
Германия, Финляндия, Израиль, Эстония, Латвия жана Чехия мамлекеттерине
жөнөтөм деп ар бир жарандан 800 дөн 1 миң 600 долларга чейин алганы белгилүү болду.
Кошумчаласак, Миграция кызматы ал компаниянын бир гана
Түркияга жумушка орноштурууга лицензиясы болгонун билдирди.