БШК кайра шайлоого карата добуш берүүчүлөрдүн тизмесин тартуулады. Шайлоолор Бишкек, Ош жана Токмокто өтөт. Эң көп жарандар ордо калаанын тизмесине кирди – 425 минден ашык.
Андан кийин Ош турат – 142 миң жаран. Ал эми Токмокто 37 мин 134 адам добуш берүүгө укуктуу. Жалпысынан 3 калаада 326 шайлоо тилкеси ачылат.
Эске салсак, кайра шайлоо 11-июлда өтөт. Апрелдеги добуш берүү көптөгөн мыйзам бузуулардан улам жокко чыгарылды.