Референдум өткөрүүгө керектелчү чыгымдын суммасы 39 миллион 900 миң сом деп бекитилди

Референдум өткөрүүгө керектелчү чыгымдын суммасы 39 миллион 900 миң сом деп бекитилди.

Бул тууралуу БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирет. Ал эми мөөнөтүнөн

мурда өтө турчу президенттик шайлоого даярдануу жана аны өткөрүүгө 549 миллион сом жумшалат.

Бекматов кошумчалагандай, жалпысынан 2 миң 473 шайлоо тилкеси уюштурулду, анын 45и

чет өлкөлөрдө жайгашат. Эске салсак, президенттик шайлоо жана референдум бир күндө 10-январда өтөт.