Жогорку Кеңешке шайлоого карата добуш берүүчүлөрдүн тизмесин түзүү уланууда

Жогорку Кеңешке шайлоого карата добуш берүүчүлөрдүн тизмесин түзүү уланууда. Учурга карата тизмеге канча жаран киргени тууралуу БШК төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров айтып берет.

 

“Азыркы убакытта, бул эми алдын ала тизме, жалпысынан бизде 3 миллион 686 миң 921 шайлоочу катталган. Анын ичинен 1 миллион 766 миң 898 бул эркектер, 1 миллион 920 миң 23 бул аялдар. Пайыз менен айтканда, 48 пайызын эркектер, 52 пайызын аялдар түзөт.”

 

Белгилеп кетсек, шайлоо алдында жарандар өздөрүнүн маалыматын tizme.gov.kg сайтынан текшерип алышы керек.