Жергиликтүү кеңештерге шайлоо кампаниясы кайрадан жарыяланат

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо кампаниясы кайрадан жарыяланат.

Бул тууралуу novosti.kgге БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, партиялар жана өзүн-өзү көрсөткөндөр добуш берүүгө катышуу үчүн

кайрадан билдирүү жибериши керек. Күтүлгөндөй, февралда президент тарабынан

шайлоонун мөөнөтү белгиленет, андан кийин даярдык көрүү иштери башталат.

Эске салсак, жергиликтүү кеңештерге шайлоо былтыр апрелде өтмөк, бирок

коронавирустан улам токтотулган. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын

шайлоо мыйзамына ылайык, добуш берүү быйыл 11-апрелге туура келет.