Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн күтүлүп жаткан
жаан-чачынга байланыштуу Бишкек — Ош, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу,
Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка, Красная Горка — Ак-Таш жана Каракол — Эңилчек
унаа жолдорунун тоолуу тилкелеринде кар массасы түшүшү күтүлөт. Жолдор
тайгак болуп, муз тоңот. Унаалар ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керек