Жогорку Кеңеш 1-сентябрда ишин улантат

1-сентябрда VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылып,

парламент жайкы эс алуудан кийин ишин баштайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.

30-июнда VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин жетинчи сессиясы ишин аяктаган.

 

 

Анын алдында 30-июндагы кезексиз сессиясында парламент төрагасы Дастанбек Жумабековдун билдиргенине караганда бул сессияда парламент 136 мыйзам, 614 токтом кабыл алды. Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, депутаттар 1-июлдан тартып өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барышы керек. Август айында алар эмгек өргүүсүнө чыгышат. 2020-жылы парлементтин эс алуусу пандемиянын күчөп турган учуруна туш болду.