Бишкектин айрым аймактары тосулуп, унаалар өткөрүлбөй жатат. Мэриянын маалыматына ылайык, учурга карата Ахунбаев-Бакаев, Ахунбаев-Токтоналиев, Медеров-Жукеев-Пудовкин, 7-апрель-Чүй проспекти көчөлөр кесилиши жабылды.
Милиция кызматкерлери унааларды өткөрбөй, тилкени айланып өтүүнү суранышууда.