Бишкекте айдоочуларга унааларын жолдун боюна токтотпоо сунушталат

Бишкекте айдоочуларга унааларын жолдун боюна токтотпоо сунушталат. Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, транспорт каражаттары кар тазалоого тоскоолдук жаратууда.

 

“Тазалыктын” кызматкерлерине көчөлөрдү кардан арылтууга, инерттүү материалдарды себүүгө кайгуул милициянын өкүлдөрү да жардам берүүдө. Трассаларды кардан тазалоо иштери түнкүсүн дагы жүрүүдө.