Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округу боюнча бюллетендердин 24 пайыздан ашыгы кол менен саналып бүттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы маалыматка ылайык, 2 миң 494 шайлоо тилкесинин 603үндө бюллетендер эсептелди.
Буга чейин автоматташтырылган системада добуштардын 97,59 пайызы саналган.
Кол менен эсептелген бюллетендердин алдын ала жыйынтыгында жети партия алдыга чыкты.