Жогорку Кеңеште Конституциянын жаңы долбоору талкууланууда

Жаңы Конституцияны демилгелеген Жогорку Кеңештин депутаттары Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү менен долбоорду талкуулап жатат.

Жыйында кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев 2,5 ай бою долбоор ачык талкууланганын, демек муну коомдук талкуу деп эсептесе болорун билдирди.

 

10-январдагы референдумда эл президенттик башкарууну тандаганын, ошого ылайык мамлекет башчыга көбүрөөк укук берилгенин айтты.

Ошондой эле Бөрүбашев жаңы долбоордо эл бийлиги бекемделгенин белгиледи.

Учурда эл өкүлдөрү Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнө суроолорун узатып, сунуштарын берип жатат. Жыйынды депутат Нурбек Алимбеков алып барууда.