Оор учурда каражатты үнөмдөө керек. Мындай пикирди карманган вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева 3 чиновникти Түркияга командировкага жөнөтпөй койду

Оор учурда каражатты үнөмдөө керек. Мындай пикирди карманган вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева 3 чиновникти Түркияга командировкага жөнөтпөй койду.

 

Белгилүү болгондой, кабыл алган тарап 2 кызматкердин чыгымын төлөп берүүгө даяр болчу. Ал эми 3 чиновник мамлекеттик бюджеттин эсебинен барышмак. Жыйынтыгында, Түркияга Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары боюнча кызматтык сапарга 2 чиновник гана бармай болду.