Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.
Ошондой эле, Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жетекчиси болуп Бекбосун Апсатаров дайындалса, анын орун басарлыгына Рустам Мамасадыков келди.