Садыр Жапаров Борбордук шайлоо комиссиясы жөнүндө мыйзамга кол койду

Садыр Жапаров Борбордук шайлоо комиссиясы жөнүндө мыйзамга кол койду.

 

Өзгөртүүлөргө ылайык, БШК мүчөлөрүнүн жарымы олкө башчы тарабынан жылдырылса, калганын – парламент көрсөтөт.

 

Комиссия мүчөлөрүн Жогорку Кеңештин депутаттары бекитет. Эске салсак, буга чейин парламент Боршайком мүчөлөрүнүн үчтөн бир бөлүгүн тандап алса, дагы бир бөлүгү парламенттин көпчүлүк коалициясы тарабынан, калган бөлүгү парламенттик оппозиция тарабынан көрсөтүлчү.

 

Азыркы Боршайкомдун курамынын ыктыярдуу мөөнөтү 25-июнда соңуна чыкты. Бирок алар жаңы курам тандалганча милдеттерин аткарып турат.