Жогорку окуу жайларда бюджеттик жана келишимдик негиздеги орундарга кошумча сынак башталды

Жогорку окуу жайларда бюджеттик жана келишимдик негиздеги орундарга кошумча сынак башталды. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, онлайн кабыл алуунун 3-турунда атайын системага 7 миң 701 талон түштү.

 

Анын  2 миң 678и бюджеттик орундарга берилсе, 5 миң 23 талон келишимдик негизде билим алууга бөлүндү. Бүгүнтөн тарта жогорку окуу жайлар бош калган орундарга абитуриенттерди кабыл ала баштады.

 

Гранттык бош орундарга өтүнмөлөр 13-август, саат 2ге чейин кабыл алынса, келишимдик негиздеги бош орундарга 18-август, саат 2ге чейин кабыл алынат.