Кыргызстанда дагы 535 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 535 адам коронавирустан айыкты. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Ошто 155, Бишкекте 45, Чүйдө 40, Таласта  43, Нарында 30, Ысык-Көлдө 74, Баткенде 61 бейтап ооруканадан чыгарылды.

 

Ушуну менен өлкөдө вирусту жеңгендердин жалпы саны 32 миң 764кө жетти.