Жогорку окуу жайларда студенттик долбоорлор үчүн бизнес-инкубаторлор ачылды

Жогорку окуу жайларда студенттик долбоорлор үчүн бизнес-инкубаторлор ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурга карата мындай жаңычылдык өлкөнүн 20дан ашык жогорку окуу жайында пайда болду.

 

Алардын максаты — креативдүү экономиканы өнүктүрүү, ишкерликти колдоо жана жаштардын стартап долбоорлорун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүү.