Чет өлкөдө окууну каалагандарга билим жарманкеси уюштурулат

Чет өлкөдө окууну каалагандарга билим жарманкеси уюштурулат.

Бишкекте «WOE EXPO 2020″ аталышындагы билим жарманкеси өтө турганын

шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык,

иш-чара 20-февралда Бишкектеги мейманканалардын биринде өтөт.

Ага Улуу Британия, АКШ, Канада, Швейцария, Голландия сыяктуу 40 чет

өлкөлүк университеттин жана тил курсунун өкүлдөрү келет.

Ошондой эле Италияда магистратура жана бакалавр программасында

окууну каалагандарга 22-февралда кошумча жармаңке өткөрүлөт.