Ордо калаада “Бишкек-Сити” эл аралык бизнес борбору курулат.
Садыр Жапаровдун жарлыгы менен долбоорду ишке ашыруу үчүн
мамлекеттик дирекция түзүлдү. Документке ылайык, жаңы объект шаардын,
социалдык-экономикалык кырдаалын жакшыртуу, инвестицияларды тартуу жана
инфраструктуранын өнүктүрүү максатында пайда болот. Бийликтен белгилешкендей,
Бишкек-Сити Кыргызстандын жана чет элдик компаниялардын, анын ичинде бизнес
түзүмдөрдүн кызыкчылыктарын айкалыштырган Борбор Азиядагы ири
бизнес, маданий жана архитектуралык борборго айланат.