Жогорку Кеңеш “Кыргызстандын башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду дайындоо жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырды

Жогорку Кеңеш “Кыргызстандын башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду дайындоо жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырды. Добуштарды электрондук эсептөө системасы иштебегендиктен, депутаттар кол көтөрүштү.

 

Вице-спикер Мирлан Бакиров 60 депутат “макул”, төртөө каршы добуш бергенин билдирди. Жалпысынан мыйзамды кабыл алуу үчүн парламентке эки гана күн керектелди.

 

Документ президенттин милдетин убактылуу аткаруучу Талант Мамытовго кол коюуга жөнөтүлөт. Референдумду президенттик шайлоо менен бир күндө өткөрүү, тагыраагы, 10-январга белгилөө сунушталып жатат. Референдумда кыргызстандыктар башкаруу формасын президенттик же парламенттик деп тандашы керек.