Тышкы миграция маселелерин эми Тышкы иштер министрлиги чечет

Тышкы миграция маселелерин эми Тышкы иштер министрлиги чечет. Бул тууралуу 24 агенттигине Жогорку Кеңештен билдиришти. Ал эми ички мигранттардын кызыкчылыктарын коргоо милдети Саламаттыкты сактоо министрлиги алдында атайын департаментине жүктөлөт.

 

Мамлекеттик каттоо кызматы, “Унаа” мамлекеттик ишканасы жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Юстиция министрлигине өтөт.

 

Салык жана Бажы кызматтары жоюлат. Алардын функцияларын Экономика жана каржы министрлиги аткарат. Өкмөттүн акыркы түзүмү жакынкы күндөрү тартууланат.