Жумгал районунун Чаек айылындагы коомдук унаалар окуучуларды бекер ташыйт

Жумгал районунун Чаек айылындагы коомдук унаалар окуучуларды,

карыларды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди бекер ташыйт.

Турмуш басылмасы билдиргендей, бул үчүн маршруттук таксилердин жаңы каттамы түзүлдү.

Коомдук унаалардын күйүүчү майына сарптала турчу каражат жергиликтүү бюджеттен берилет.

Белгилеп кетсек, бекер ташыла турган адамдардын катарына укук коргоо кызматкерлерин да кошуу пландалууда.