Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен эскертишкендей, бүгүн, эртең күтүлүп жаткан
жаан-чачынга байланыштуу Бишкек — Ош, Суусамыр — Талас — Тараз,
Мырзаке — Кара-Кулжа – Алайкуу, Ала-Бука — Жаңы-Базар – Кировка жана
Красная Горка — Ак-Таш унаа жолдорунда кар массасы түшүшү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалар ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.