Дарылардын баасын негизсиз жогорулатуу фактылары боюнча кылмыш иши козголду

Дарылардын баасын негизсиз жогорулатуу фактылары боюнча кылмыш иши козголду. Иликтөө 27 учур боюнча жүрүп жатат, — деди премьер-министр Кубатбек Боронов.

 

Анын айтымында, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын алдында атайын топ түзүлдү, ал дарыканаларда рейд жүргүзүүдө.

 

Аныкталгандай, айрым фармкомпаниялар кассалык аппараттарын  атайын иштен чыгарып, зарыл болгон препараттарды катып салышкан. Бул оз учурунда дарылардын жетишсиздигине алып келди. Өкмөт башчы дарыканалардагы текшерүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.