Кыргызстан Өзбекстандын тургундары үчүн эң популярдуу туристтик багытка айланды

Кыргызстан Өзбекстандын тургундары үчүн эң популярдуу туристтик багытка айланды.

Бул тууралуу коңшу өлкөнүн статистика боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, январдан июлга чейин республикага өзбекстандык 2 миллион туристтин 1 миллион 30 миңи келген.

Экинчи жана үчүнчү орундарды Казакстан менен Тажикстан ээледи – ушул эле убакыттын ичинде бул мамлекеттерге 336 миң жана 284 миң өзбек барган.