Нарын шаарына туристтик маалымат борбор курулат

Нарын шаарына туристтик маалымат борбор курулат.

Бизге облустук администрациядан такташкандай, бул үчүн жаңы түптөлгөн сейил бактын жанынан жер аянты бөлүнүп, учурда курулушту пландоо иштери жүрүп жатат.

Долбоор республикалык бюджеттен каржыланат.

Бирок азырынча канча акча жумшалары белгисиз.