18-январдан тартып 100 миң сомго чейин насыясы барлардын пайыздык суммасын төлөп берүү үчүн каражат которула баштайт

18-январдан тартып 100 миң сомго чейин насыясы барлардын пайыздык суммасын төлөп берүү үчүн каражат которула баштайт.

Каржы министри Кыялбек Мукашев билдиргендей, министрлик кредиттик компаниялардын декабрдагы чыгашасын январда,

январдыкын февралда, февралдыкын мартта төлөп берет. Ведомство Улуттук банктан арыздарды алды.

Учурда акчаны бөлүү боюнча 248 насыя берүүчү каржы уюм менен келишимге кол коюлду.

Үч айлык пайыздарга 1 миллиард 253 миллион сом керектелет, сумма бюджеттин эсебинен алынат.

Жеңилдик 673 миң жаранга берилет.