Австралияда саламаттыкты сактоо министри медициналык беткапты кие албай убара тартты

Австралияда саламаттыкты сактоо министри медициналык беткапты кие албай убара тартты. Өлкөнүн башкы медицина кызматкери элге кайрылып, жеке коргонуучу каражаттарды сөзсүз кийүү керектигин айтып жаткан.

 

Чиновник биринчи ирет беткапты кийгенде көзү жабылып калды.

 

Андан кийин резинасын кулагына иле албай турду дагы, аягында аны кыйшык кылып кийип алган. Видео интернетте кеңири жайылып, элдин талкуусуна калды.