Зомбулуктан жабыркагандар үчүн 117 кыска номуру иштей баштайт

Кыргызстанда гендердик теңсиздик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга маалыматтык колдоо көрсөтө турган 117 кыска номурун иштетүүчү операторлорду даярдоо башталды.

 

Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги кабарлады.

 

Операторлор азыркы тапта психологиялык кеңеш берүү, суроо-жооп диалогду түзүү, маалыматтык колдоо көрсөтүү жаатында билим алышууда.

 

Расмий маалыматтарга ылайык Кыргызстанда январь айынан бери 727 үй-бүлөлүк зомбулук Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 1-мартта билдиргендей, зомбулуктун басымдуу бөлүгү Бишкек жана Чүй облустарында болгон.

 

Буга чейин Улуттук статистика комитети аялдарга карата зомбулук 2020-жылы 14%, ал эми үй-бүлөлүк зомбулук 65% көбөйгөнүн жарыялаган.

 

Үй-бүлөдө аялдарга каршы жасалган зомбулук — Кыргызстанда кеңири талкууга түшкөн социалдык маселелердин бири. 2021-жылдын январь айында эле Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эки келин өз жанын кыйып, өмүр менен кош айтышкан. Түп районунда төрт баланын энеси күйөөсүнүн зомбулугунун курмандыгы болгон. Мындай окуялар башка аймактарда да орун алып келет.

2020-жылы катталган 9025 фактынын 10% гана сотко өткөн.